2025-жылдын 18-июлунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 17-июлундагы №151 буйругуна ылайык түзүлгөн облустук ведомстволор аралык комиссиянын көчмө жыйыны болуп өттү.
Комиссиянын курамына Ысык-Көл облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлигинин, архитектура, мамлекеттик каттоо, экологиялык жана долбоорлоо кызматтарынын өкүлдөрү кирди.
Комиссиянын ишинин максаты – Барскоон – Каракол багытындагы Ысык-Көл айланма жолунун реконструкциялоо долбооруна байланыштуу жергиликтүү тургундардын кайрылууларын жана тынчсызданууларын карап чыгуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында комиссия жеке менчик жер тилкелерине тийгизчү таасирди азайтуу үчүн жолдун багытын көл тарапка оңдоо сунушун берди.
Жолугушууда калкка, долбоор алкагында киргизилген кайрылууларды кароонун үч деңгээлдүү жаңы системасы тууралуу кеңири маалымат берилди. Бул система бюрократиясыз жана Бишкекке кайрылуунун зарылдыгы жок маселелерди ыкчам чечүүгө багытталган:
Биринчи этапта жергиликтүү жооптуу адис кайрылууну 3 жумуш күнүнүн ичинде карайт;
Эгер маселе чечилбесе, ал жергиликтүү деңгээлдеги даттанууларды кароо тобуна жөнөтүлөт, бул топ 10 күндүн ичинде чечим чыгарат;
Эгер бул топ да маселе чече албаса, арыз борбордук топко жөнөтүлүп, ал да 10 жумуш күнүндө жооп берет.
Бул механизм жарандардын кайрылууларын тез, ачык жана эффективдүү чечүү максатында иштелип чыккан.
Эске салсак, бул долбоор боюнча техникалык чечимдер 2023-жылы жергиликтүү бийлик менен макулдашылып, мамлекеттик экспертизадан өткөрүлгөн жана анын негизинде коомдук угуу өткөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте бул жол долбоорун ачыктык, отчеттуулук жана жарандардын укуктарын урматтоо принциптерин кармануу менен ишке ашырууда.