Кыргызстан, 720017, г. Бишкек, ул. Исанова, 42

Министерство траспорта и коммуникаций Кыргызской Республики

Группа реализации проектов Азиатского банка развития

adb-logo

1. Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 1-фазасын куруу долбоору, Кызыл-Жылдыз а. – Арал а. (183км-195км) жана Казарман а. – Жалал-Абад ш. (км 291-408) участоктору жана узундугу 3,8 км Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелдин курулушун кошкондо.

Донору:                                             Кытай Экспорттук-Импорттук Банкы

Узундугу:                                          125,9 км, анын ичинен:

Жаңы курулуш:                                85,7 км (68%)

Реконструкция:                                36,2 км (32%)

Насыянын суммасы:                        399,9 млн. АКШ долл.

Консультанты:                                  «Кыргыздортранспроект» ДИИ

Подрядчысы:                                    «Чайна Роуд энд Бридж Корп.»

Курулуш иштеринин мезгили:     04.2014 - 11.2022 жж.  (дефектик мезгил 1 жыл,  2023 жылдын ноябрь айына чейин).

1 км жолдун баасы (туннелдин баасын кошпогондо):

Жаны курулуш                                - 2,4 млн. АКШ доллары;

Реконструкция                                 - 1,1 млн. АКШ доллары;

Тоннелдин баасы                             - 136,3 млн. АКШ доллары

(1 п.м. баасы – 35 мин АКШ доллары).

Структурасы:

Категориясы                                     II;

Жолунун кеңдиги                                        2 кыймыл тилкеси туурасы 3,75 метр жана калктуу конуштарда 4 кыймыл тилкеси туурасы 3,5 метр.

Жолдун жалпы кеңдиги,                 2 жол тилкеси менен 15 м,

ийиндери менен                               ал эми 4 жол тилкеси менен – 22,5 м.

Бөлүү тилкеси                                  жолдун борборунан 16 метр.

Болжолдонгон октогу жүк             11,5 тонна

Туннель узундугу                            3,8 км;

Көпүрөлөр                                        9 даана.

Жарыктандыруу                               Таран-Базар а. жана Көк-Ой а. жарыктандыруу каралган.

Калктуу конуштар: Кок-Ой, Кулубаев Жыргалбек, Арал, Казарман, Калмак-Кырчын, Таран-Базар, Кара-Чолок, Мазар-Булак, Жергетал, Жалгыз-Жангак, Сафаровка, Октябрьское, Таш-Булак айылдары жана Жалал-Абад шаары.

Мобилизациялоо иштери:

  • Участокко 394 даана жол курулуш техникасы мобилизацияланган. Курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан мезгилде орто эсеп менен 575 адам тартылган.
  • АБЗ – кубаттуулугу 400 тн./саат (385 жана 310 кмде жайгашкан),
  • БЗ – кубаттуулугу 20 метр куб/саат (332 жана 342 кмде жайгашкан)
  • КДУ - кубаттуулугу 110 тон/саат (309, 310, 332 жана 242 кмде жайгашкан).

Курулуштун жүрүшү:

Өздөштүрүү     327,3 млн. АКШ долл. (81,8%)

Участок 1. Кызыл-Жылдыз – Арал, узундугу 12,4 км, толугу менен 2016-жылдын курулуш сезондун аягында бүткөн.

Участок 2. Казарман – Джалал-Абад, 2021-жылы 291 – 332 жана 340 – 408 чакырымдарындагы жол курам бөлүгүндөгү негизги жумуштар аяктаган, бардыгы 109 чакырым.

 

Тоннелди казуу, галереяны кошуп:

Жалпы тоннел казылганы – 3890 м ичинен 3139,1 м. (Калганы 750,9 м);

  • Түштүк тарабынан казуу – 1259,1 м.
  • Түндүк тарабынан казуу – 1880 м.

Жалпы штольня казылганы – 3890 м ичинен 3890 м 30.01.2022-ж. аяктаган;

2022-жылдын курулуш сезонуна карата Подрядчик КНРден 270 тоннель адистерин мобилизациялаган, ошондой эле 32 жергиликтүү адистер тартылган. Жалпы жумушчулардын саны 302 киши.  

2022-жылдын январь – июнь айларында бүткөрүлгөн жумуштар: 147,4 метр туннелдин, анын ичинен түштүк тарабынан казуу – 94 м жана түндүк тарабынан казуу – 53,4 м казуу иштери аяктады.

2022-жылга Иш-планы: Туннелди казуу иштерин улантуу жана казууну 500 метрге жеткирүү пландаштырылууда.

Учурда жазалып жаткан жумуштар:

Учурда туннелди казуу, туннелди жана штольняны бетондоо, гидроизоляциялоо жумуштары аткарылып жатат.

Көйгөйлүү маселелер:

1. Кошумча жасалма курулуштарды куруу зарылдыгы

            Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы кар көчкүлөрүн изилдөөнүн натыйжалары боюнча, Фергана тоо кыркасынан өткөн жолдун участкасы Кыргыз Республикасынын бардык жолдорунун эң кооптуу участокторунун бири деп табылды. Туннелдин алдында 326 км – 334 км участкасындагы Көкарт дарыясынын бассейни жана  бул участкадагы 29 кар көчкү коркунучу кооптуу болуп турат. Тоннелдин артында Аубек дарыясынын бассейни жайгашкан жана 338 кмден 349 кмге чейин болгон участкасында 18 кар көчкү коркунучу бар. Ушуга байланыштуу, 2 кар көчкү галереясын жана 3 эстакадалык көпүрөнү куруу зарылчылыгы келип чыккан.

2022-жылдын 14-15 – февралында жогоруда көрсөтүлгөн порталга жакын бөлүктөрдө кар көчкүсү түшкөн, анын кесепетинен кар көчкүнүн алдында 4 адам, үчөө КЭР жараны жана бирөө КР жараны, булардын баары «Чайна Роуд энд Бридж Корп.» компаниясынын жумушчулары (айдоочу жана операторлор) болгон, мындан тышкары кар көчкүнүн алдында 2 экскаватор, 1 автопогрузчик жана 1 «Нива» маркасындагы жеңил автомашина калган.

Кар көчкүнүн алдында калып каза болгондордун баары табылып, 2022-жылдын 18-апрелинде издөө иштери токтотулган. 2022-жылдын 8-апрелинен тартып туннелдин түштүк порталындагы кар көчкүлөрү тазаланып, туннелге жол ачылып, курулуш жумуштары улантылган. 2022-жылдын 13-апрелинен тартып туннелдин түндүк тарабындагы автожол ачык.

2. Узундугу 25 км болгон айланып өтүүчү автожол, 408-433 чакырым

            Башында долбоорлук бөлуктүн 408-чакырымында жергиликтүү элдердин, депутаттардын жаңы салына турган автожолдун калк жайгашкан жерлердеги автожол аркылуу өтүшүнө каршы чыккан кайрылууларынын негизинде токтотулган. Бул убакытка чейин айланма жолдун бир канча варианттары каралган. Ошол эле учурда долбоордун тоо бөлүктөрүндө наркы 35 млн. АКШ долларына жакын жер жумуштарынын көлөмдөрүнүн олуттуу көбөйүшү аныкталган. Түзүлгөн кырдаалдын негизинде, долбоордун тоо бөлүктөрүндөгү жумуштарды толук бүтүрүү максатында, айылдарды айланасындагы айланма жолдун маселеси чечилгенге чейин долбоордун бөлүгүн 408-чакырымда токтотуу жана бошотулган каражатты кошумча жер жумуштарын каржылоо үчүн пайдалануу     чечими Заказчы тарабынан кабыл алынган.

           

            Бүгүнкү күндө 5 инженердик курулуштун (2 галерея жана 3 эстакадалык көпүрө) жана 25 чакырым айланма жолдун долбоорлору жазалып жатат. Мындан тышкары техникалык-экономикалык эсептөөлөрдүн негизинде Кытай Эл Республикасынан грант алуу максатында долбоордук билдирме толтурулуп, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтүлгөн.

  1. Туннель курууда артта калуу

            Туннелди куруу этаптарында проекттеги маалыматтар менен чыныгы геологиялык маалыматтардын ортосунда маанилүү айырмачылыктар аныкталган, бул туннелдин курулушуна техникалык жана автордук көзөмөл жүргүзгөн «Бамтоннельпроект» долбоорлоо—изилдөө институту ЖЧКсынын адистеринин расмий корутундусу менен тастыкталат. Долбоордун авторунан жакында алынган корутундусу менен туннелдин геологиясы долбоордогу маалыматтан маанилүү айырмаланаары дагы бир жолу тастыкталат, мындан сырткары тектоникалык жаракалар аныкталган жана булар тоону казуу, убактылуу бекемдөө жана туруктуу каптама жумуштарынын жолдорун тоону казуу учурунда алынган чыныгы маалыматтардын негизинде кайра долбоорлоого алып келген. Мындан тышкары, жердин климаттык шарттары кыш мезгилинде иштөөгө мүмкүндүк бербегендиктен жумуштарды аяктоо мөөнөтүн узартууга алып келген.

  1. Курулуштун мөөнөтүн узартуу

Узартууларга ылайык 1-Фазанын жумуштарын аяктоо мөөнөтү 2022-жылдын

ноябрында бүтөт. Февраль-март айларында климаттык шарттардын кескин өзгөрүшүнө, Көк-Арт тоннелинин портал тилкелеринде калың жааган кардын жана андан кийинки кар көчкүлөрдүн жүрүшүнө байланыштуу бардык иштер токтотулган. 2022-жылдын 14-февралында жолду кардан тазалоо иштери жүрүп жаткан учурда кар көчкүнүн кесепетинен тоннелдин порталына жакын участкаларда кар көчкү алдында Подрядчынын 4 кызматкери жана 3 даана жол куруучу техникасы калган. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, тоннелдин жанындагы жантаймалардан 17 кичи жана 8 чоң кар көчкү түшкөн. Туннелдин түндүк тарабында түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 1,5 млн м3 ашык, ал эми түштүк тарабында 300 миң м3 түзгөн. Подрядчынын жана КР ӨКМнин кызматтарынын биргелешкен аракеттери менен кар көчкүнүн астында калгандардын бардыгы табылып, издөө иштери 2022-жылдын 18-апрелинде гана аяктаган. Түштүк порталында жолдор 2022-жылдын 8-апрелине чейин кар көчкүдөн тазаланган. Мындан тышкары, кар көчкүнүн кесепетинен түндүк порталындагы бардык инженердик коммуникациялар, анын ичинде электр чубалгылары талкаланган. Тоннелдеги толук масштабдуу курулуш иштерин кайра баштоого бир нече ай талап кылынды.

            Подрядчы, келишимдин шарттарына ылайык, жогорудагы форс-мажордук факторлордон улам долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүн узартуу боюнча доо коюу ниетин билдирди.

                        Долбоордун акыркы аяктоо датасы Подрядчынын доосу тыкыр талкуулангандан жана инженер-консультант менен Жумуш берүүчүнүн макулдугунан кийин аныкталат.