Кыргызстан, 720017, г. Бишкек, ул. Исанова, 42

Министерство траспорта и коммуникаций Кыргызской Республики

Группа реализации проектов Азиатского банка развития

adb-logo

2.  Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 2-фазасын куруу, узундугу 99км Арал а. – Казарман а. (км 195-291) чейинки участок жана 2 эстакадалык көпүрөнүн куруу долбоору

Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 2-фазасын куруу, узундугу 99км Арал а. – Казарман а. (км 195-291) чейинки участок жана 2 эстакадалык көпүрөнүн куруу долбоору

Узундугу: 99,2 км, анын ичинен:

Жаңы курулуш: 86,03 км (87%);

Реконструкция: 13,2 км (13%).

Донору: Кытай Экспорттук-Импорттук Банкы:

Консультанты: «Кыргыздортранспроект» ДИИ

Подрядчысы: «Чайна Роуд энд Бридж Корп.»

Курулуш иштеринин мезгили: 08.2016 - 11.2021 ж. (дефектик мезгил 1 жыл, 2022 жылдын ноябрь айына чейин).

Структурасы:

Категориясы II;

Жолунун кеңдиги 2 кыймыл тилкеси туурасы 3,75 метр жана калктуу конуштарда 4 кыймыл тилкеси туурасы 3,5 метр.

Жолдун жалпы кеңдиги, 2 жол тилкеси менен 15 м, ийиндери менен ал эми 4 жол тилкеси менен 22,5 м.

Бөлүү тилкеси жолдун борборунан 16 метр.

Болжолдонгон октогу жүк 11,5 тонна

Кадимки көпүрөлөр 6 көпүрө.

Калктуу конуштар: Кызыл-Коргон, Табылгыты, Кичи-Сары-Камыш, Кара-Суу.

Курулуштун жүрүшү:

Алдынкы катмары 99 км, калыңдыгы 9 см;

Үстүнкү катмары 99 км, калыңдыгы 6 см.

  • 282 км-деги Эстакадалык көпүрө, узундугу 1076 м, курулуш иштери бүтүрүлдү.
  • 285 км-деги Эстакадалык көпүрө, узундугу 396 метр, курулуш иштери бүтүрүлдү.

2022-жылга Иш-план: Дефектилер үчүн жоопкерчилик мезгилинде калган курулуш иштерин бүткөрүү жана кемчиликтерди жоюу пландалган.

2022-жылда бүткөрүлгөн жумуштар: жолду кышкы тейлөө жана 197+600 – 284+600 чакырымдардагы таш кулоодон түшкөн таштарды жана топурактарды тазалоо, бетон блокторду, КД5 катафотторду орнотуу, парапеттерди сырдоо иштери аткарылды.

Участокту баланска өткөрүү: 2022-жылдын 20-октябрында Подрядчы Долбоорду аяктоо сертификатын талап кылган кат жөнөткөн. Консультант (31.10.2022-ж. – 2-фазанын туруктуу инженери О. Турдумамбетов жана «Кыргызжолтрансдолбоор» МИ 01.11.2022) мурда аткарылбай калган бардык жумуштардын жана кемчиликтердин аткарылганын тастыктап, Подрядчыга жумуштун бүтүрүлгөндүгү жөнүндө Сертификат берген. Арал-Казарман участогун ТКМдин алдындагы ДДХнын балансына өткөрүлдү (Буйрук КР ТКМ № 436 12.12.2022-ж.).