Кыргызстан, 720017, г. Бишкек, ул. Исанова, 42

Министерство траспорта и коммуникаций Кыргызской Республики

Группа реализации проектов Азиатского банка развития

adb-logo

БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоорунун Бишкек-Ош автожолу, 4-фаза, Маданият-Жалал-Абад участкасы,  (507,5-574,5 км) узундугу 67 км.

 

Донору:                                           Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕТӨФ)

Долбоордун суммасы:                   72 млн. АКШ долл., анын:

Кредит:                                            60 млн. АКШ долл;

КРнын Өкмөтүнүн үлүшү:              12 млн. АКШ долл.;

Консультант:                                   Renardet (Швейцария);

Контракттын наркы:                       1 960 600  АКШ долл.;

Подрядчы:                                       Azvirt (Азербайджан);

Кошумча иштерди эсептегенде:    64 396 425 АКШ долл.;

Курулуш иштеринин мезгили:   06.2018 – 30.08.2023 (кемчиликтер мезгили 20  ай, 2025-жылдын апрелине чейин);

1 км жолдун орточо наркы:            956,8 миң. АКШ доллары.

Жолдун структурасы:

Категория:                                       II;

Жүрүүчү бөлүгү:                             2 тилкелүү кыймыл, калыңдыгы - 3,75 м. жана

      4 тилкелүү кыймыл, калктуу конуштарда,  туурасы - 3,5 м.;

Жалпы кеңдиги:                              2 тилкелүү, жол жээктерин кошкондо - 15м.;

                                                         жана кыймылдын 4 тилкесинде - 22,5 м.;

Жол тилкеси:                                  Жолдун огунан 16 метр;

Окко болжолдонгон жүк                 11,5 тонна;

Астынкы катмаоры, калыңдыгы:   9 см;

Үстүнку катмары, калыңдыгы:       6 см;

Көпүрөнүн курулушу:                      9 көпүрө;

Жарыктандыруу:                             Калктуу конуштарда, жолдун 50% .

Долбоорду ишке ашыруу башталгандан тартып иштердин жүрүшү:

Асфальттын төмөнкү катмарын төшөө – 67,3 км   жолдун эки жагынан  (аяктаган);

Асфальттын үстүнкү катмарын төшөө – 67,3 км жолдун эки жагынан (аяктаган);

Долбоордук 188 түтүктөн 188и орнотулду – 100% аяктады.

Көпүрөлөр:

  • 519,3 км-де көпүрө – 100 %;
  • 532,8 км-де көпүрө – 100 %;
  • 540,1 км-де көпүрө – 100 % .

Подрядчынын жоопкерчилик мөөнөтү 2025-жылдын 30-апрелинде аяктаган. Бүгүнкү күндө участоктогу бардык кемчиликтерди жоюу иштери толугу менен бүткөрүлдү. Долбоордук участок эксплуатацияга кабыл алууга даяр.

Учурда Мамлекеттик архитектура-курулуш инспекциясынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан «Бүткөрүлгөн объектиге ылайыктуулугун баалоо актысы» берилген, анын негизинде КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бүткөрүлгөн курулуш объектисин балансына кабыл алуу боюнча буйрук чыгарган. Учурда долбоордук жолду КР МТКнын алдындагы ЖЧДнын балансына өткөрүү иштери жүрүп жатат.

2025-жылга пландар: 2025-жылдын июль айында долбоордук участокту Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнө өткөрүп берүү пландаштырылууда – аткарылды.