Донору: Азия Өнүктүрүү Банкы
Жалпы узундугу: 69,7 км
Долбоордун суммасы: 114,35 млн.АКШ доллары;
Насыя: 58,39 млн. АКШ доллары;
Грант: 36,72 млн. АКШ доллары;
КРӨ бөлүгү: 19,24 млн. АКШ доллары;
Консультант: Gentek International Engineering
Контрактын суммасы: 2,49 млн. АКШ доллары;
Подрядчысы: Todini Costruzioni Generali. S.P.A (Италия)
(1-декабрь 2020-ж. келишимдин бузуулган күнү)
Жаңы подрядчы: Сhina Railway №5
Контрактын суммасы: 39 млн. АКШ доллары;
Курулуш иштеринин убактысы: 09.2018-2023 жж. (кемчилик мөөнөтү 3 жыл, 2026-жылга чейин).
1-километр жолдун орточо баасы 584 миң АКШ доллары;
Структурасы
Категориясы II;
Жолунун кеңдиги 2 кыймыл тилкеси туурасы 3,75 метр жана калктуу конуштарда 4 кыймыл тилкеси туурасы 3,5 метр.
Жолдун жалпы кеңдиги, 2 жол тилкеси менен 15 м,
ийиндери менен ал эми 4 жол тилкеси менен 22,5 м.
Бөлүү тилкеси жолдун борборунан 16 метр.
Осьго проектилген жүктөм 11,5 тонна
Астынкы катмар, калыңдыгы 9 см;
Үстүнкү катмар (ЩМА), калыңдыгы 6 см.
Көпүрө 1 даана
Калктуу конуштарда жарыктандыруу каралган.
Өздөштүрүү: 11.3%
Калктуу конуштар:
Куйручук, Жумгал, Түгөл-сай, Дыйкан айылдары.
Курулуштун жүрүшү:
2021-жылдын 23-сентябрында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жаңы подрядчы China Railway No5 менен келишим түздү. Учурда подрядчы техникаларды мобилизациялоонун үстүндө иштеп жатат. 2021-жылдын 1-октябрында Подрядчы долбоордун объектисин оңдоону баштады.
Учурда подрядчы тарабынан жолдун курулуш иштерин баштоо үчүн техникалар жана керектүү кызматкерлер тартылып жатат.
- Подрядчынын лагеринин 100%ы жана Консультанттардын кеңселери курулган (түндүк тараптан 148+700 км).
- Бетон аралаштыргыч завод (БСУ) 100%
- Таш майдалагыч орнотуу 100%
- Карьерлердин балансына кабыл алууну координациялоо 100%
- Учурда Кытайдан 240 т/саат кубаттуулуктагы жаңы асфальт-бетон заводу орнотулду.
- Атайын техниканын 75% мобилизацияланды.
2022-жылдын 15-апрелинен тартып Подрядчы ишти баштоо буйругуна ылайык курулуш иштерин баштаган.
2022-жылына түзүлгөн иш-планы:
20-25 км аралыкка асфальт-бетон төшөлмөнүн төмөнкү катмарын төшөө иштери бүтүрүү. Долбоордун аймагында жергиликтүү тургундардын (чаң боюнча) арыз-даттанууларын чечүү максатында калктуу конуштарда (Башкууганды, Куйручук, Түгөл-Сай жана мүмкүн болсо Жумгал айылы) асфальт-бетон төшөө иштерин бүтүрүү пландалууда.
Долбоордун участкадагы иштин жүрүшү.
Учурда Подрядчы тарабынан Куйручук, Жумгал жана Түгөл-Сай айылдарында чаңды басуу иштери жүргүзүлүүдө. Жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Подрядчы жол оңдоо иштерин өз убагында аткарууда. Кыз-Арт ашуусунда кар күрткүсү мүмкүн болгон жерлерде, туз-кум аралашма материалдары даярдалды. Ашуу боюнча коопсуз жүрүүнү камсыз кылуу максатында Кыз-Арт ашуусунда Подрядчынын кызматкерлери туруктуу негизде 24/7 нөөмөттө турушат. Толук масштабдуу курулуш иштерин баштоо үчүн Подрядчы жумушчу документтерди (сайттын деталдуу долбоорлорун) даярдаган.