Кыргызстан, 720017, г. Бишкек, ул. Исанова, 42

Министерство траспорта и коммуникаций Кыргызской Республики

Группа реализации проектов Азиатского банка развития

adb-logo

КР ТжКМ кызматкерлери үчүн "Декарбонизация жана климаттык өзгөрүүлөргө адаптация" темасындагы семинар өттү

  

                                                                         

КР ТжКМ кызматкерлери үчүн көмүртектин бөлүнүшүн азайтуу жана климаттык өзгөрүүлөргө адаптация темасындагы семинар өттү.


2025-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарындагы "Рамада" Ramadaмейманканасында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери үчүн «Көмүртектин бөлүнүшүн азайтуу жана климаттык өзгөрүүлөргө адаптация» темасында бир күндүк семинар болуп өттү. Иш-чара Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) каржылык колдоосу менен уюштурулду. 

Семинарды министрдин орун басары Б.Т. Базаралиев ачып, Министрлик өз кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурарын белгилеп өттү. Ошондой эле АӨБгө кызматкерлердин потенциалын өнүктүрүүгө шарт түзгөнү жана дайыма көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Андан ары АӨБ өкүлү, транспорт боюнча жетектөөчү адис Мирдин Эшеналиев куттуктоо сөзүн айтты.

Семинарда Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан тартылган эл аралык жол инженери Прианка Налин Сеневиратне климаттык туруктуулук боюнча өз баяндамасын сунуштады. Талкууланган негизги темалар төмөнкүлөрдү камтыды:
• Кыргызстандагы климаттык өзгөрүүлөрдүн жол тармагына тийгизген таасири жана климатка туруктуу жолдорду түшүнүү;
• Климаттык тобокелдиктерге жараша долбоорлоо, куруу жана тейлөө ыкмалары;
• Жол секторун көмүртексиздендирүү боюнча стратегиялар, анын ичинде альтернативдүү материалдарды колдонуу жана парниктик газдардын бөлүнүшүн азайтуу жолдору;
• Инфраструктуранын осалдыгын талдоо жана адаптация чараларын пландаштыруу.

Семинар МТКнын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу жана жол-транспорт инфраструктурасында климаттык туруктуулук принциптерин интеграциялоо боюнча иштердин алкагында өткөрүлдү.