Кыргызстан, 720017, г. Бишкек, ул. Исанова, 42

Министерство траспорта и коммуникаций Кыргызской Республики

Группа реализации проектов Азиатского банка развития

adb-logo

Барскоон-Каракол автожолунун 75 чакырымы реконструкцияланат. Курулуш иштерине старт берилди

 

  

 

Бүгүн, 13-июнда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Барскоон — Каракол автожолун реконструкциялоого старт берилди.

Иш-чарага Транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Оюнчимег Эрдене, мирдин Эшеналиев жана Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, жергиликтүү тургундар катышты.

Министр Сыргабаев бул долбоор — Ысык-Көл облусунун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам экенин белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.

“Долбоор — Ысык-Көл облусунун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам. II техникалык категорияга ылайык иштелип чыгып, учурдагы эки тилкелүү жол төрт тилкелүү болуп кеңеет. Ошондой эле, тротуарларды, жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктөрдү, көпүрөлөрдү реконструкциялоо, лотокторду куруу жана калктуу конуштарда көчөлөрдү жарыктандыруу каралган.

Мындан сырткары, аталган долбоордун ишке ашырылышы Ысык-Көл облусунун тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жол шарттарын түзөт. Туризмди өнүктүрүүгө жана экономикалык өсүшкө өбөлгө болот. Ысык-Көлгө жыл сайын миңдеген туристтер келет, алардын арасында чет элдик коноктордун саны да артып жатат. Бирок азыркыга чейин түштүк жээктеги жолдордун сапаты биздин туризмдин өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей келген. Бул жолдун реконструкциясы — курорттук аймактардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, эс алуучулардын агымын көбөйтөт. Башкы подрядчы катары Борбор Азияда жана башка көптөгөн мамлекеттерде ири жолдорду жана көпүрөлөрдү куруп, өзүнүн ишенимдүүлүгүн далилдеген Кытайдын “Чайна Роуд энд Бридж Корпорэйшн” компаниясы тандалды”,-деди министр Сыргабаев.

Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү Оюнчимег Эрдене белгилегендей, долбоор туруктуу өнүгүүнү, коопсуздукту жана жергиликтүү коомчулукту колдоо боюнча чараларды да камтыйт.

Долбоор Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.